Кыргызстанда 12-13-мартта мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын үчүнчү облустук этабы өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги бүгүн кабарлады.
Олимпиадага 2041 окуучу катышат.
Үчүнчү этап төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:
- кыргыз тили жана адабияты, кыргыз тили боюнча билим алган мектеп (класстар) үчүн,
- кыргыз тили жана адабияты, орус тили боюнча билим алган мектеп (класстар) үчүн,
- орус тили жана адабияты, кыргыз тили боюнча билим алган мектеп (класстар) үчүн,
- орус тили жана адабияты, орус тили боюнча билим алган мектеп (класстар) үчүн,
- англис тили,
- математика,
- информатика,
- физика,
- химия,
- биология,
- география,
- тарых.