Биз менен байланышыңыз

Баткен: Муктаждыктан мектепке айланган жер там

Коом | 11 Мар 2019 | 961 | 0

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы окуучулар шарты жок мектепте билим алышууда. Буга чейин үй болуп турган имаратты муктаждыктан улам мектепке айландырышкан. 21-кылымда  мындай шартта окуучулардын билим алып жатканы коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектеп учурунда совхоздун жумушчулары үчүн салынган үй болгон. Ошол маалдагы мектеп директору Эркинбек Акматов муктаждыктан улам 1981-жылы кошуна Кара-Бак айылындагы мектептин базасында башталгыч мектеп катары түзүлгөнүн айтат.

-1970-жылдары курулган жатакана тибиндеги үйлөр болгон. Ошол үйлөрдүн бирөөсүн сурап 1 класс кылып окутуп баштагам. Башында 25 окуучу болгон түшкө чейин 13 окуучу, түштөн кийин 12 окуучу. 3 жылдан кийин 3 жылдык мектеп кылдым. Андан кийин 8 жылдык башталгыч мектеп кылып, ошо бойюнча мугалимдер да чогулуп дагы кошумча үй башкача айтканда корпустар берилип мектеп болуп калды.

Ошол маалдагы башталгыч мектеп бүгүнкү күнгө чейин орто мектеп катары иштеп келет. Бирок бул жерде окуучулардын билим алуусу үчүн шарт жок. Бул жагдай  мугалимдер менен окуучуларды гана эмес, ата-энелерди да көйгөйгө салып келет. Мектептин физика мугалими Уулча Эргешованын айтымында, мектеп үй катары салынгандыктан стандарттык талаптарга жооп бербейт. 180 окуучу араң бата турган мектепте шарттын жоктугуна карабай, 288 окуучу билим алышууда.

Эң негизгиси кыш мезгилинде нормалдуу температура сакталбайт. Анткени жылытуу меши да туура эмес жерге орнотулган. Экинчиден санитардык гигеналык абалды сакташ кыйын. Жаан жааганда мектеп кааналары да баткака толот. Ошондой эле класстар ичке, тар болуп аянты да кадимки мектеп каанасынын талабына жооп бербейт. Бул кааналарга 18 окуучу окуй турган болсо, бизде бир класста 25-30 окуучу билим алат.

Анысы аз келгенсип мектеп Тажикстандын Лаккан айылынан бөлүп турган Чоң-Сайдын жээгинде жайгашкан. Сайдын жээги күндөн-күнгө жээлип, жолду бузуу корунучунда турат. Мындан улам күн сайын мектепке келген окуучулар сайга түшүп кетпесин деп ата-энелер кооптонуп жашап келишет дейт мектеп директору Дилфуза Сулайманова.

-Мектепке келип кеткен учурда же болбосо танапис учурунда окуучуларды көзөмөлдөп турууга туура келет. Анткени сайга түшүп кетүү коркунучу жогору. Биз эми байкабай калган учурда түшүп кетиши да мүмкүн.

Буга чейин мектеп жамааты типтүү мектеп куруу боюнча тиешелүү жетекчиликтерге кайрылып келгенин, бирок эч кандай жыйынтык чыкпагандыгын айтышат. Ал эми айыл аймак башчысы Сыражидин Эралиев бул боюнча Өкмөткө, эл өкүлдөрүнө да бир нече ирээт кат жазып кайрылганын айтат. Бирок оң натыйжа болгон эмес.

Ошентсе да жергиликтүү эл менен мектеп жамааты, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында иш планга киргизилип калат деген үмүт менен жаңы мектептин курулуусун чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM