Биз менен байланышыңыз

«Дордой» футбол клубу түркмөнстандык клуб менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 6 Мар 2019 | 531 | 0

Кыргызстандын «Дордой» футбол клубу Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубу менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Эки команданын  беттеши 3-апрель күнү Бишкекте өтөт. Ага чейин «Дордой» клубунун футболчулары машыгуулар үчүн Түркияга барышты.

«Александр Крестинин баш болгон команда машыгуулар үчүн Анталияга учуп кетишти. Ал жактан команда алдыдагы өлкөнүн биринчилигине жана түркмөнстандык «Алтын Асыр» клубу менен болчу оюнга даярданышат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM