Биз менен байланышыңыз

Бала сатуу: Эки акушер күнөөсүн мойнуна алды

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 599 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7 ымыркайдын сатылышы боюнча камакка алынган медицина кызматкерлеринин соттук иши улантылып, аларга айыбы угузулду.

Сот өкүмүндө айыпталуучулардын бири 2018-жылы Орусиянын бир жараны үчүн баланын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк жасап бергени айтылды. Ал эми соттук отурумдун жүрүшүндө эки акушер жасалма документ даярдашканын моюнуна алышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Алар №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери болгону айтылган.

Бала сатууга шектелгендерге карата «адам сатуу», «жасалма документ жасоо», «мыйзамсыз аборт жасоо» беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Кийин үчөө соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM