Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: Кесиптештеримдин айткандары суу кечпейт

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 491 | 0

КСДПнын кезектеги съезди 3-апрелде өтөт, бул курултайды чакыруу партиянын уставына туура келет. Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ББСге маек берип жатып айтты.

Анда ал съезд мыйзамдуу жол менен өтөрүн белгилеп, өзү жөнүндө кесиптештеринин айтып жатканы суу кечпей турганын билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 5-мартта КСДПнын саясий кеңеши брифинг өткөрүп, Өмүркулов курултай чакырууга укугу деп айтышкан. Партиянын төрага орун басары Ирина Карамушкинанын айтымында, Өмүркулов партиядан чыгарылгандыктан жыйындарга да атайын чакыруусуз катыша албайт. Ошондуктан ал партиянын уставын бузду.

«Бүгүнкү күндө партия менен коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аракети болуп жатат. Биз Өмүркуловдун коомчулукту бөлүп-жарууга алып келишин каалабайбыз«- деди Карамушкина.

Эске салсак, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда партия 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ошондой эле  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы да курултай өтөрү тууралуу айтылган. Бирок Өмүркулов алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жоктугун билдирген.

КСДПнын курултайы 6-апрелде өтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM