Биз менен байланышыңыз

138 миңден ашык жаран салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 417 | 0

Бүгүн, 5-мартка карата 138 миңден ашык жаран Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. Анын ичинен 42 миң 216 юридикалык жак, 55 миң 821 жеке ишкер, 14 миң 751 жеке жак, 5 миң 918 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 19 миң 540 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM