Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Бакиевдердин мүлкүн кайтаруу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууда

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 615 | 0

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын айланасындагылардын өлкөдөн алып чыгып кеткен мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштерин улантууда. Бул үчүн аталган орган АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Лихтенштейн жана Кытайдын тиешелүү кызматтары менен иш алып барууда.

Мисал катары БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын жана Дүйнөлүк Банктын STAR демилгеси менен бирге активдерди өлкөгө кайтаруу боюнча иш жүрүп жатканы айтылат.

Уурдалган активдерди издөөдө юридикалык фирмалар да, анын ичинен Бакиевдердин мүлкүн аныктап, АКШдан Кыргызстанга өткөрүүдө жардам көрсөткөн “Akin Gump Straus Hauer & Feld LLP” компаниясы да бар.

Бакиевдердин мыйзамсыз мүлктөрүн аныктап, мамлекетке кайтаруу максатында Башкы прокуратура Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги менен меморандумга кол коюуну пландоодо.

Кошумчалай кетсек, АКШ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мыйзамсыз алып кеткен 4,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн Кыргызстанга котормой болгон.

Copyright © 2017 Maral FM