Биз менен байланышыңыз

Гуайдо бир топ өлкөнүн президенттери менен жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 671 | 0

Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн өлкөнүн президенти деп жарыялап алган Хуан Гуайдо Латын Америка өлкөлөрүнө жасаган турнеден кийин Каракаска кайтып келди. Ал өлкөдөн чыкпоо боюнча соттун чечимине карабай башка өлкөгө чыгып келгени камалышына түрткү болушу мүмкүн экенин БиБиСи орус кызматы жазды.

«Ушул жуманын соңунда ишемби күнү биз көчөгө чыгабыз, бардык Венесуэла чыгат, биз эркиндикке жетмейинче бир секунд да эс албайбыз», — деди Гуайдо тарапташтары менен жолугушкан учурда.

Гуайдого Жогорку Сот өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Бирок ал февраль айында Венесуэладан чыгып, Колумбия, Бразилия, Парагвай, Эквадор өлкөлөрүнүн президенттери жана АКШнын вице-президенти Майк Помпео менен жолугушкан.

Анын президенттигин 50дөн ашык өлкө тааныды. Орусия, Кытай, Куба мамлекеттери Венесуэланын жалгыз жана легитимдүү президенти Николас Мадуро деген позицияда болушууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM