Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик 2018-жылы 21 млн 15,51 миң сом бюджеттик каражаттарды сарптады. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирет.
Каражаттардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 13,6 млн сом мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин айлык-маяналарына жумшалган. Агенттик ошондой эле эми миллиондой ашык каражатты социалдык фондго жана кызматтык сапарларга 1 млн 600 миң сом сарптаган.
Аталган агенттик ошондой эле өткөн жылда товарларды сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөргө 1 млн 403,4 миң сомдук акча төлөгөн.