Биз менен байланышыңыз

Инвестиция канткенде илгерилейт?

Экономика | 22 Янв 2019 | 1288 | 0

Кыргызстандын инвестициялык климаты начарлады.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттиги  өткөн жылы сырттан келген тикелей инвестициянын көлөмү 33 пайызга чейин түшкөнүн маалымдады. Мындай көрүнүш дүйнөдө катталып, 2018-жылы анын көлөмү 23 пайызга азайганын мисал келтирүүдө. Ал эми Кыргызстанга келсек, инвестициялык климаттагы мындай абалды Агенттиктин жетекчиси Адилбек Шумшарбек уулу төмөнкү окуяларга байланыштырды.

Мунун себептери баарыбызга белгилүү. Акыркы 1-2 жыл ичинде соодага жана да саясий окуяларга, санкцияларга байланыштуу. Буга кошумча эң маанилүү болгон эки жагдай бар. Бул элдин экологияга болгон мамилеси жана жергиликтүү бийлик менен элдин инвесторго болгон мамилеси. Ошонун баары инвестициялык климатка көлөкөсүн тийгизип жатат.

Мындай төмөндөө 2014-жылдан башталганына көңүл бурууга чакырды. Ал эми бизнес коомчулугу Кыргызстан өзүнүн инвестициялык потенциялын толук кандуу колдонбой жатканын айтып келет. Эң эле негизги көйгөй кабыл алынган мыйзамдардын тез өзгөрүп жатканында экенин ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов айтты.

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк же жергиликтүү инвестор акчасын саларда биринчи саясий стабилдүүлүктү талап кылат. Албетте коопсуздук, мыйзамдардын туруктуу болушу дагы маанилүү роль ойнойт. Мыйзамдар алмашса да жакшы жагына гана болушу керек. Мисалы, 10 млн доллар инвестиция салам деген компания Кыргызстанга келип жатса, салык нормалары жөнүндөгү мыйзам алмашпашы керек. Ошондой эле өз укуктарын ушул жерде туруп коргой алуусуна шарт түзүлүшү зарыл. Бул жагынан мамлекет тараптан инвесторго колдоо керек.
Ушул  жагдайларды эске алганда бизнести саясатташтырган көрүнүштөр келген инвесторду иренжитип, Кыргызстандан баш тартууга алып барып жатканын экономист Искердер Шаршеев белгилейт. Бул жагынан бизнеске карай жаңы көз карашты коомчулукка жеткирип турууга чакырат.

Интернеттин өнүгүшү менен инвесторлор бири-бири менен өтө тыгыз байланышып калды. Ар бир мамлекеттин деңгээлине саресеп салып көрүп жатышат. Буга чейинки чиновниктер инвесторлорду катуу чочутуп салышты. Саясатчылар инвесторду чайга чакырып кайсы бир көлөмдө акча бер деп жүдөтүштү. Ушундан улам инвестордун ишеними өтө төмөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кээ бир бизнес долбоорлор инвестор күтүп эки-үч жыл жатып калса, ошол эле учурда инвесторлор келген кезде ылайыктуу даяр долбоор жок болуп калууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 14-январда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алганда билдирди. Ал агенттикке инвестициялык абалга ыкчам мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү байкалары менен жетекчиликке билдирүүнү тапшырган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM