Биз менен байланышыңыз

Турдубекова: Бала саткандарга чараны катаалдатуу керек

Күн чабыт | 1 Мар 2019 | 1148 | 0

Бишкекте бала сатууга аракет кылган үч аял кармалды. Ымыркай жаңы гана төрөлгөн. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кечээ, 28-февралда кабарлады. Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Мындай фактылар өлкөдө байма бай катталып, медкызматкерлердин көмөгү астында ишке ашууда.

Кылмыш ишин жасоого кайсы негизги жагдайлар түрткү берип жатат? Буга шарт түзгөн жагдайларды «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова «Күн чабыт» программасында  менен талдадык.

Марал: Назгүл айым, буга чейин эле бала сатуу фактысы аныкталып, медкызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Мындай окуя эми дагы катталып отурат. Бала сатуу бизнеси эмнеге токтобой келе жатат?

Турдубекова: Бул көйгөйдүн көп себеби бар. Эмнеге ата-энелер ымыркайын сатат? Биринчиден, баланы сатып алгандар баланы асырап алууга максаттары бар. Бирок мыйзам чегинде буга жол берилбей жатат. Каалаган адам баланы асырап ала албайт. Мунун дагы өзүнүн көп процедуралары бар. Экинчиден, баланы багып алам деген жарандардын үй шартын текшеришет. Андан тышкары баланы асырап алуу ачык айкын жүрбөгөндүктөн ушундай көрүнүштөр орун алып жатат.

Марал: Бала сатууга ымыркайды тогуз ай көтөргөн эне дагы макулдугун берип жатат. Өз баласын сатууга кайсы негизги жагдайлар энени бул кадамдарга түртүп жатат?

Турдубекова: Биздин байкообуз боюнча ушундай кадамга барган эненин социалдык мүмкүнчүлүгүн карасак көпчүлүгүнүкү төмөн. Миграцияда жүргөндөр түзүүдө. Жумуш менен жүрүп, каалоосуз боюна бүтүп калып жатат. Балалуу болгондон кийин наристени кайда берерин да билишпейт. Анткени өз укуктарын билбеген, билими төмөн кыз-келиндерге туш келет. Мындай учурда пландашырылбай бойго бүтүп калууда. Бул жерде сактануунун жолдорун да билбей калууда. Дагы бир маанилүү жагдай ушундай маалда жаш энелер кайдан жардам аларын билбейт. Элге чыны менен социалдык кызмат жетпейт. Ушундай учурда сөзсүз түрдө ишеним номурлары керек.

Марал:Үрөйдү учурган окуяларды жок кылууга конкреттүү кандай чаралар көрүлүшү керек?

Турдубекова: Биринчиден, бала саткандарды катуу жоопкерчиликке тартуу керек. Өзүңөр көргөндөй соңку окуяларда акушерлер аралашып жатат. Буга кошумча менчик төрөтканалар дагы кирип калууда. Ошондо эле калкка, миграцияда жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM