Венесуэланын бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлери Түркияга качып келгени чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.
Венесуэланын оппозиция лидери, өзүн президент деп жарыялап алган Хуан Гуайдо твиттердеги баракчасына өлкөнүн айрым аткаминерлери Түркиянын аймагына киргенин жазган.
Белгилей кетсек, Венесуэлада бир айдан бери саясий кризис болуп жатат. Өлкөнүн расмий президенти Николас Мадурого каршы массалык нааразылык акциялары өтүүдө. Оппозия лидери Хуан Гуайдо өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялап алды. Аны эң биринчилерден болуп АКШ колдоду, ошондой эле Орусия, Кытай жана башка өлкөлөр колдошууда.