Connect with us

Бакиевдин мүлкүн кайтаруу: АКШнын алаканы жакшыртуу айласы

Саясат | 26 Фев 2019 | 1509 | 0

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга мурунку президент Курманбек Бакиевдин акчаларын кайтарып берет. Буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосунда келишимге кол коюлду. Ага ылайык, өлкөгө 4,5 млн доллар каражат кайтарылат. Бул каражатты кыргыз өкмөттү калкты таза суу менен камсыздоого жана дары-дармек алууга жумшоону пландоодо.

Буга чейин АКШ Бакиевдердин ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Евгений Гуревичтин «инсайдерлик соода кылган» деген айып менен козголгон кылмыш ишин тергеген. Анын жыйынтыгында 6 миллион долларды конфискациялоо тууралуу өкүм чыккан. Эми бул каражатты Америка Кыргызстанга кайтарып берет. Буга байланыштуу 25-февралда Бишкекте АКШ менен Кыргызстан «Бакиевдин режими учурунда уурдалган активдерди кайтаруу» боюнча билдирүүгө кол коюшту. Документке ылайык өлкөгө Америкадан 4,5 миллион доллардан ашык акча келет.

Кол коюуга Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс катышты.

Министр Жээнбаева кайтарыла турган акча калкты таза суу менен камсыздоого жумшалаарын билдирди.

Бул активдер Кыргызстандын элинен уурдалган. Аларды Америкадагы кесиптештерибиздин жардамы менен өлкөгө кайтарууну үмүттөнүп жатабыз. Алар кайтарылганда, ал каражаттар аймактык долбоорлорду каржылоого, маселен калкты таза суу менен камсыздоо жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшалат.

Америка Кошмо Штаттарынын өкүлү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо менен тапкан активдерди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткенин белгиледи. Ошондой эле ал, бул активдерди кайтаруу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн бири-бирин түшүнүшүүсүнүн далили болорун кошумчалады.

Учурда 6 млн доллардын буйруктун негизинде алынган 4,6 миллиону Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарылат. Өкмөт бул каражатты сот тармагы үчүн кошумча жаздыруучу жабдыктарды, айыл жергеси үчүн сууну тазалоочу система жана медициналык жабдыктарды сатып алууга коротот. Бул акчалар жумшала турган долбоорлордун максаты бизди кубандырды. Андан тышкары, сот залдарында видеокамераларды орнотуу Кыргызстандагы сот системасы ачык болуп жатканын көрсөтүүдө.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов келишимдин артында Америка Кыргызстандын жаңы президент менен мамиле түзүүнү көздөп жатканын билдирди.

Анын айтымында, АКШ 4,5 млн долларды кайтарып берүү менен эки тараптуу мамиле кандай өңүттө уланарын сыноодо.

-АКШ акчаны өздөрүнүн шарты менен кайтарып берип жатат да. Ал шарттар Кыргызстанга канчалык деңгээлде мааниси бар экенин убагы келгенде көрө жатабыз. Бул жаңы президент менен АКШ өкмөтүнүн иши. Биз жасаган иш аларга жагабы же жокпу көрөбүз. 4,5 млн долларга эки тараптын мамилелери жанданып кетпейт. Ушунун арты менен жаңы мамиле түзөлү, жаңы шарттарды пайда кылалы деген сөз. Эми президент Сооронбай Жээнбеков 4,5 млн доллар аз, мага 400 млн доллар бергиле десе көрөбүз. Буга кудурети жетеби?

Мамытканов кошумчалагандай, Бакиевдер өлкөдөн жүз миллиарддаган доллар суммадагы акчаны чыгарып кеткен. Мунун жанында Америка кайтарып бере турган сумма аябагандай аз.

Деген менен акча аз суммада болсо да кыргыз-америка алакасы жанданаарын эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов айтты.

-Келишим боюнча ар кандай пикирлер социалдык тармактарда жазылууда. Бизде бир нерсе кабыл алынып же жасалса сын айтуу адатка айланып калды. Биринчи кадам үчүн 4,5 млн доллар жакшы эле сумма. А дегенде эле 300 млн долларды алар деле бере бербейт. Юристтер Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттар боюнча иштеши керек. Фактыларды далилдесе Америка жардам берет да.

4,5 млн доллар кыргыз сомуна 300 млн сомго айланып калат. Бул каражат он айылды таза суу менен камсыз кылууга жетээрин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

-Америка кайтарып бере турган каражат бизге берилиши тууралуу кабар бериле элек. Финансы министрлиги кол койсо, эми кабар келет го. Бүгүнкү күндө жалпы таза сууга камсыз болгон айылдарды суу менен камсыздоо 30 млрд сом каражат керек. Башкача айтканда 450 млн доллар керектелет. Ал эми 4,5 млн доллар 10 айылды суу менен камсыз кылууга жетет. Бул каражат чоң акча эмес.

Бирок өлкөнү ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын бир топ эл аралык банктар менен келишимдери бар. Мындан улам Бакиевдердин акчасын экономист Эрлан Камалов кайтарымы бар бизнес долбоорлорго бөлүү сунушун айтты.

-Ошол акчаны мамлекеттик ипотека компаниясына жардам иретинде же болбосо айыл чарбасын насыялоого берилсе. Ошондо акчанын колдонушулу бир кыйла натыйжалуу болот эле. Таза суу менен камсыздоого бизде каржылоо булактары бар. 4,5 млн доллар Ош шаарынын бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин эле түптөлгөн. ​Бирок мамиле Бишкектеги “Манас” аба майданындагы  Кошмо Штаттардын базасы чыгарылгандан кийин солгундап кеткени айтылып келет.

Андан кийин 2015-жылы АКШ абактагы Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаруусу эки мамлекеттин мамилесин муздатып, кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы жетишилген келишимди жокко чыгарууга барган. Мындан улам Кошмо Штаттар Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдар ар кандай салык-төлөмдөрдөн бошотулган. Эми эки тарап мына ошол келишимди калыбына келтирүүгө кызыктар экени белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM