Мусулман тасмаларынын 15-эл аралык Казань кинофестивалына кыргызстандык кинорежиссер Болот Шамшиев калыстык кылат. Маалыматтар боюнча, калыстар тобуна Орусиядан, Болгариядан, Азербайжандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан режиссерлор катышат.
Мусулман тасмаларынын фестивалы 24-февралдан 30-апрелге чейин өтөт. Ага Татарстандын президенти Рустам Минниханов колдоо көрсөтүүдө.
Иш-чаранын программасына атамекендик жана дүйнөлүк мыкта тасмалар катышат. Алар толеранттуулукка, тынчтыкка, акыйкаттуулукка чакырган тасма болушу шарт.