Биз менен байланышыңыз

Венесуэла: Провокация уюштурган топ кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 446 | 0

Венесуэланын коопсуздук кызматы чек арадагы жаңжал учурунда провокация уюштурган колумбиялык топту кармады. Бул тууралуу РИА Нововсти Венесуэла полициясынын өкүлүнө таянып жазды.

Алардын арасында куралдуулар да болгон, алар Венесуэланын аскерлерине ок чыгарышкан. Учурда кармалгандар көрсөтмө берип жатышат.

Эске салсак, 23-февралда Венесуэланын оппозициясы өлкөгө гуманитардык жардам алып кирүүгө аракет кылган. Бирок өлкөнүн расмий президенти Николас Мадуро буга тыюу салган.

Мадуронун өкмөтү өлкөдө кризис жок экендигин, башка өлкөдөн жардам алып кирүү жөн гана провокация экендигин айтууда. Буга байланыштуу Мадуро АКШ жана Колумбия менен дипломатиялык алакасын үздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM