Биз менен байланышыңыз

Молдовадагы парламенттик шайлоо: Социалистер партиясы алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 670 | 0

Молдовада 24-февралда парламент депутаттарын шайлоо өттү. Ага жалпысынан 14 саясий партия жана бир блок катышты.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Социалисттер партиясы 30,13 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Андан кийин өкмөттү көзөмөлдөгөн Модованын демократиялык партиясы турат, ал 29,60 пайыз добушка ээ болду. Үчүнчү орунда Acum шайлоо блогу, төртүнчүдө бизнесмен жана шаар мэри Илан Шор Оргеевдин “Шор” аттуу партиясы келе жатат.

Модовадагы парламенттик шайлоо аралашкан системада өттү, тагыраагы 50 адам партиялык система менен шайланса, 51и округдук бир мандаттуу талапкер болду.

Социалисттер партиясынын башында өлкө президенти Игорь Додон турат. Ал Орусия менен жакын мамиле түзүүнү колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM