Биз менен байланышыңыз

Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 534 | 0

Бүгүн, 23-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйынга аталган кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев баштаган бир катар мүчөлөрү катышууда.

Жыйындын алкагында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин 2019-жылга карата иш планын бекитүү мерчемделген. Буга байланыштуу ишкерчиликти жана өндүрүштү өнүктүрүү багытында тиешелүү ассоциациялардын жана уюмдардын сунуштары талкууланууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш 2017-жылы түзүлүп, парламент менен ишкерлердин ортосундагы ачык кызматташтыкты түзүү максаты коюлган. Анын курамына Жогорку Кеңештеги алты фракциянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана 20дай бизнес-коомчулуктун  өкүлдөрү киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM