Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Мекенди коргоочулар күнүн белгилөөдө

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 2262 | 0

Бүгүн , 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.

1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль — Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.

Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM