Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Айыппулдарды бөлүштүрүү тартиби бекитилди

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 562 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айыппулдарды аныктоо жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Финансы министрлигинде айыппулдарды топтоо боюнча эсеп ачылды. Ага жол эрежелерин бузуулар үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айыппулдар келип түшөт. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Фмнансы министрлиги айыппулдарды биринчи кезекте жалданма компаниялар менен төлөнгөн айыппулдар үчүн эсептешүүгө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, техникалык операторлорго бөлүнөт.

Ошондой эле унаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына бөлүнөт.

Бул каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин, калган айыппулдар суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

-5 % ‒ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

-15 % ‒ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгына Мониторинг борборун камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, айыппулдарды жыйноону жакшыртуу жана АПК аркылуу аныкталган унаа каражаттарын колдонуу үчүн.

Андан соң акча каражаттары жол инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу чыгымдар үчүн унаа жолдорунун балансын кармоочулар ортосунда бөлүштүрүлөт:

— же 25% — өз алдынча башкаруу органдарына;

— же 5 %  Транспорт жана жолдор министрлигине.

Түшкөн каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен аныктоодон жыйналган каражаттардын калдыгы  республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга карата белгиленген жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM