Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри «Алай» футболдук клубуна акчалай сыйлык тапшырды

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2019 | 466 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана «Алай» футболдук клубунун курамы менен жолугушту.

Сарыбашов «Алай» футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы өзгөчө сыймыктуу экендигин билдирди.

Ошондой эле «Алай» клубунун вице-президенти Сеитбек Аматовго, командага 100 миң сом акча каражатын тапшырды.

Ал эми Ош шаардык кеңешинин төрагасы футболчуларга Түркиянын Анталия шаарына окуу-практикасына барып келүү үчүн жолдомо берди.

Мындан сырткары, «Алайдын» чабуулчусу Жоел Кожого Топ-Лигада 26 гол киргизгендиги үчүн «Мыкты бомбордир» наамы ыйгарылды.

Айта кетсек, «Алай» футбол командасы 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016-2017-жылдары катарынан өлкөбүздүн чемпиону аталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM