Биз менен байланышыңыз

Бишкекте электр жарыгы жана суу калыбына келтирилди

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 378 | 0

20-февралга караган түнү Бишкектин түштүк жагындагы кичи райондордо электр жарыгы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы маалымдады.

Электр жарыгы Асанбай, 7, 8, 9, 10, 12-кичи райондорунда өчкөн. Анда «Абдыкалыков» подстанциясында авария болгону айтылган.

Ошондой эле бүгүн ичүүсү суу да берилди. Суу борбордогу 15 мектеп менен 27 бала бакчада эртең мененки саат 9:00дөн түнкү 12ге чейин токтотулган эле. Мындан тышкары, бир топ үйдө да өчүрүлгөн.

Мэриядан кабарлашкандай, бир топ жерде суу түтүктөрү оңдолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM