Биз менен байланышыңыз

Кусеинова: Эми балдарды мектепке үйдөн эле каттаса болот

Күн чекит | 18 Фев 2019 | 837 | 0

Бишкекте окуучуларды мектепке кабыл алуу боюнча электрондук кезек ишке кирип, иштеп баштады. Маалыматка ылайык, жаңы системада мамлекеттик мектептерге 1-класстын окуучусун электрондук режимде кабыл алууга шарт түзөт. Ошондой деле бул ыкма коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жардам берет. 2018-жылдын аягына чейин Бишкектин мектептеринде «электрондук кезек» системасы пилоттук долбоор катары сыналып келген.Эми бул долбоор Кыргызстандын башка аймактарында да иштетилет. Бул теманын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова менен маек курдук.

-“Электрондук кезек” долбоору ишке кирди. Эми ата-энелер балдарын кантип кезекке тургузушат? Жол-жобосу, тартиби кандай?

-Учурда Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептерине электрондук негизде каттоо башталды. Учурда 2019-2020-жылдагы окуу жылына жазылуу жүрүп жатат. Жаңы ыкма ата-энелер үчүн көптөгөн жеңилдиктерди түзөт. Себеби алар үйдө отуруп эле балдарын мектепке каттай алат. Экинчиден, окууга кирүү үчүн балдарга эч кандай сынак өткөрүлбөйт.Негизгиси, кирүү үчүн эми эч кандай төлөмдөр болбойт. Электрондук каттоо эки этаптан турат. Азыркы учурда 15-февралдан 15-майга чейин микроучастокторго караштуу мектептерде жүрүп жатат. 16-майдан 15-августка чейин микроучастоктордон тышкаркы мектептерде уланат. Балдарды каттоо үчүн www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирүүсү керек. Ал жерден мектеп тууралуу толук маалымат алынат. Андан тышкары Бишкектин микроучастокторунун картасы жайгашкан. Ал жерден ата-эне өзү жашаган жердеги мектепти тандап, баласын киргизүү үчүн электрондук арыз толтурат, керектүү документтердин баарын тиркейт. Бул процесстен 3 күндөн кийин система алардын электрондук дарегине арыз кабыл алынганы тууралуу билдирүү жөнөтөт. Андан кийинки 15 күндүн ичинде ата-энелер тандалган мектепке керектүү документтерди алып барат. Мектеп директору аларга баланын кабыл алынгандыгы тууралуу талон берет.

-Учурда бул Бишкек шаарында гана пилоттук негизде иштеп жатат. Келерки окуу жылында Ош шаарында да башталат. Кийин республика боюнча жайылат.

-Коррупцияга каршы күрөшүү максатында киргизилген система экендиги маалым. Эми бул ыкма паракорчулукка канчалык бөгөт боло алат?

Электрондук кезек аркылуу адамдык факторду мүмкүн болушунча азайтканга аракет кылдык. Бул жерде бардык жумуш система аркылуу жүргүзүлөт. Эми мурдагыдай сынак жана алдын ала төлөмдөр болбойт

-Техникалык мүчүлүштүктөрдүн болуу тобокелчилиги канчалык? Текшерүү болдубу?

15-февралда техникалык маселелер жаралды. Анда шаардагы микроучастоктордогу каттоолор үзгүлтүккө учурады. Учурда муниципалдык-аймактык башкармалыктар райондук билим берүү борборлору менен тыгыз иш жүргүзүлүп, даректердин баары такталды. Азыр система үзгүлтүксүз иштеп жатат.

-Маегиңизге рахмат.

 

Copyright © 2017 Maral FM