Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Бир суткада 878 миң сомдук эреже бузуу катталды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 1170 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жолдогу камералар бир күндө 761  жол эрежесин бузуу аныктады. Жалпы суммасы 878 миң сомду түздү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Өкмөт башчынын мониторинг борборуна барган учурда маалымдады. Эми катталган эреже бузуулар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң гана унаа элерине айып төлөө үчүн жөнөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун иши менен таанышуу үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштей баштады. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.

Эске салсак, 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине жана аймактарга коюлган 17 камера иштей баштаган. Алар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Жол эрежесин бузганы үчүн эң чоң айып пулдун көлөмү 23 миң сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM