Биз менен байланышыңыз

Сатыбалдиев менен Исаковдун иши сотко өттү

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 1050 | 0

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Ага ылайык, материалдар Свердлов райондук сотуна келип түштү. Биринчи соттук отурумдун качан боло турганы азырынча белгисиз.

Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары аларды күнөөлүү эмес деп айтышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБи боюнча мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM