Биз менен байланышыңыз

Түркия Венесуэланын 900 млн долларлык алтынын алган

Bloomberg басылмасы Венесуэланын жоголгон алтыны боюнча иликтөө жарыялады. Анда өлкөнүн Англиянын банктраында сакталган алтынынан 900 миллион долларлык бөлүгү Стамблга иштеп чыгуу үчүн жиберилген. Бирок Лондон талап кылганына карабай кайра кайткан эмес.

Маалыматка ылайык, Венесуэланын президенти Николас Мадуро 2017-жылдын аягында Туркияга болгон сапарынан эки айдан кийин түзүлгөн түркиялык Sardes компаниясы Венесуэланын алтынын сатып алган. Компания жалпысынан 110 миллион долларлык алтын импорттогон.

Алтын тармагындагы эки мамлекеттин ортосундагы алып-сатуу акыркы 50 жылдан бери алгачкы ирет орун алды. Учурдагы саясий кризисте Түрк бийлиги Мадурону колдогон саналуу гана өлкөлордүн арасында.

Эске салсак, ушул аптада Венесуэла парламенти Мадурону парламенттин уруксаты жок, мыйзамсыз алтын сатуу боюнча айыптаган болчу. Анда жалпысынан 72 тонна алтын Түркия менен Бириккен Арап Эмираттарына сатылганы айтылган.

Соңку жылдардагы экономикалык кризистен улам Мадуро режими алтын сатууну баштаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM