Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдеште эки алтын тагынды

Кыска кабар , Спорт | 9 Фев 2019 | 498 | 0

Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште эки алтын медаль тагынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык,  7-8-февраль күндөрү Ирандын Керманшахе шаарында Takhti Cup 2019 эл аралык турнири өткөн. Ага 150гө жакын спортчу катышкан. Медалдар 10 салмак чени боюнча ойнотулган.

Мелдешке Кыргызстандын атынан 14 спортчу барган. Балбандар эркин күрөш боюнча күч сынашып, Эрназар Акматалиев (65 кг) , Улук Жолдошбеков (61 кг) алтын тагынса, Нургазы Абдуразаков (65 кг) коло медалга ээ болду.

Тайпалык эсеп боюнча Иран 215 балл менен жеңишке жетти. Экинчи орунду 112 балл алган Азербайжан багындырды. Ал эми Кыргызстан 104 балл менен үчүнчү орунду ээледи.

Айта кетсек, Takhti Cup 2009-жылдан бери өтүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM