Биз менен байланышыңыз

Бишкекте самбо боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 419 | 0

Бүгүн, 9-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында самбо боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, мелдеште медалдын 18 топтому ойнотулат.

Спортчулар 52 кг, 57 кг, 62 кг, 68 кг, 74 кг, 82 кг, 90 кг, 100 кг жана 100дөн өйдө салмак чени боюнча күч сынашат.

Иш-чара Кызыл Жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин элесине арналып, 32-ирет өтүп жатат. Ошондой эле советтик аскерлердин Афганистандан чыгышынын 30 жылдыгына да арналмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM