Биз менен байланышыңыз

Дамирбек уулу: Быйыл жол жээктерине дааратканалар салынып бүтөт

Күн чабыт | 4 Фев 2019 | 1429 | 0

Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» ишканасы түзүлдү. Тиешелүү чечимге 2-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кыргыз туризм” ишканасы Кыргызстандын булуң-бурчунда ачыла турчу туристтик маалыматтык борборлорду башкара турганын айткан. Ишкананын негизги милдеттери жана туризм департаментинен айырмаланган негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Жаңы ачылган ишкана  Туризм департаментинен эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Департаменттин ишин эле кайталап калган жокпу?

Жалпы жолунан айтканда бул ишкана департаменттин азыр жасап жаткан ишин кайталап калат дегенден алысмын. Анткени буга чейин айтылып келгендей, Кыргызстандын аймактарында туристтерди тейлөө үчүн түзүлө турган мекемелерди башкарат. Андан сырткары мамлекетти таанып билүүсүн жогорулатуу жана жарнамалоо аркылуу туризмдин потенциялын чет өлкөгө көрсөтүүгө багытталган.

Андан тышкары туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу жана башкарууну оптималдаштыруу деп максат коюлган. Ошондой эле мамлекеттин менчигинде болгон туристтик объектилерди. Тагыраагы санаторий,мейманкана жана туристтик төйлөө борборлорунун инфраструктураларын өнүктүрүү.

Ал эми Туризм департаменти туризм жаатында саясатты жүргүзөбүз. Ошондуктан бул жерде чоң айырма бар.

Конкреттүү кандай иш пландар бекитилди? Канча убакытта кандай өзгөрүүгө алып келет?

-Албетте, баары эртең эле жакшы боло калат дегенден алыс болушубуз керек. Бирок биздин пландар боюнча инвестиция тартуу боюнча иштейбиз. Бул эң чоң максатыбыздын бири. Андан сырткары инфраструктураларды түзүү. Жол жээктерине дааратканаларды салуу. Туристтер ала турган маалымат борборборун түзүү. Үчүнчүдөн, туризм тармагында бизнес кылган ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүп берүү. Анан албетте марткетинг стратегиясын иштеп чыгып жатабыз. Ошону дагы бир жолго салсак дейбиз.

-Эл же туристтер кызматтын ишинин жыйынттыгын качан толук сезе баштайт?

Ушул жылдын соңуна чейин 4-5 маданий жана тарыхый объектилерди белгилеп алганбыз. Ошонун тегерегинде инфраструктуралык маселелерди чечели деп турабыз. Буюрса ушул жылы бүтүрөбүз. Экинчиден туристтик объектилерге кетип жаткан жолдорду жана даараткана маселелерди чечебиз. Андан тышкары Караколдун тегерегинде же Чолпон-Ата шаарынын тегерегинде инвесторлорду тартып келүү иши жүрөт. Ушул иштердин буюрса жарандарыбыз алдыда көрүп калышат.

-Жогоруда саналган иштин баары каражатсыз албетте чечилбейт. Быйылкы жылга бюджеттен канча каражат бөлүнүп берилди?

Мамлекеттик ишкана түзүүлөрү менен быйылкы жылга 50 млн сом мамлекеттик бюджеттен каралган. Ошонун 70-80 пайызы жогоруда белгиленген иштерге жумшалат.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM