Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Менин долбоорумду туура эмес түшүнүп алышты

Күн чекит | 31 Янв 2019 | 1178 | 0

Бүгүн жергиликтүү басылмаларда ЖКнын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров “КР эң жогорку даражадагы кызмат адамдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаганы жарыяланган. Анда президент, премьер-министр жана парламент төрагасынын кызматтан кийинки кепилдиктери тууралуу кошумчалар киргизилгени айтылган. Тактап айтканда аталган мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кеткенден кийин мамлекет тарабынан материалдык жана социалдык жактан камсыздоо, кызматта турган чакта жасаган иштери үчүн кеткенден кийин административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартпоо сыяктуу өзгөчөлүктөр сунушталганын жазышкан. Бул маалыматтарды тактоо иретинде биз долбоордун демилгечиси, депутат Мирлан Баировко суроо узатканбыз.

Марал: Сиз сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду делген менен ЖКнын расмий сайтынан көрө алган жокпуз. Сиз тараптан “КР эң жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлери тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталганы жарыяланды. Эмне болгон өзгөртүүлөр? Түшүндүрмө берип кетесизби?

Бакиров: Биринчиден, өзүмө чыгып тактап жатканыңар үчүн рахмат. Кээ бир басылмалар муну бурмалап, башкача өңүткө буруп жиберишти. Аталган долбоор жакшы быша электе эле коомдук талкууга чыгып кеткенин моюнума алам. Бирок коомдук талкуунун табияты ушундай: ар түрдүү сын-пикирлер, ойлор айтылган соң, толукталып, Жогорку Кеңешке кароого сунушталат.

Ал эми долбоорго келсек, анын маңызын жакшылап карооңорду суранат элем. Аракеттеги президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасына кепилдиктер боюнча мыйзамдар бар. Биз болсо буга алардын кызматтан кеткенден кийинки статусу тууралуу кошумчалап жатабыз. Мыйзамдын 7-8-беренелеринде так көрсөтүлүп турат: аларга эч кандай материалдык же социалдык жеңилдиктер каралган эмес.

Марал: Эгер материалдык жана социалдык жеңилдиктер каралбаган болсо, бул өзгөртүү экстерге кандай артыкчылыктарды бере алат?

Бакиров: —Сунушталган мыйзамдын мазмуну аларга экс-төрага, экс-премьер-министр деген макам берип, атайын күбөлүк менне бекитүү болуп саналат. Анткени мындай кызматты аркалаган адамдар жөн-жай кишилер эмес. Мамлекет үчүн пайдасы тие турган тажрыйбасы, сунуш-пикирлери жана кенештери болуусу мүмкүн. Алар ар кандай кеп-кеңеши менен Жогорку Кеңешке же Өкмөт үйүнө келген кезде аталган күбөлүгү менен эч кандай тоскоолдукка учурабай кире алгыдай болушун камсыздоону көздөп жатабыз. Мисалга алсак, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов сыяктуу аттуу-баштуу улууларыбыз бүгүн жөн гана катардагы жарандар сыяктуу бааланбай калууда. Кызматтан кеткенден кийин мамлекет үчүн эч кандай расмий баасы жок калууда.

Марал: Президент, өкмөт башчы жана спикер кызматтан кеткенден кийин кызмат учурунда жасаган иштери үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген шарт киргизилип жатканы да айтылууда. Канчалык чындыкка жакын? Эгер туура болсо бул биздин мыйзамдарга карама-каршы келип калбайбы?

Бакиров: —Мен тактап айтып коюшум керек, биздин сунуштарыбызда кылмыш кылган чакта да жоопкерчиликке тартылбасын деген норма жок. Алар кызматтан кеткенден кийин кандайдыр бир мыйзам бузуулары аныкталса, Жогорку Кенеш тарабынан күбөлүктөрү алынат. Мыйзам алдында кадимкидей административдик да, кылмыш жоопкерчилигине да тартылуусуна бул өзгөртүүлөр эч кандай тоскоол болбойт.

PS: Бул мыйзам долбоору тууралуу маегибиз жарыялангандан кийин коомчулуктун ар түрдүү сын-пикирлерине кабылган долбоор  оңдоп-түзөө максатында убактылуу артка чакыртылып алынганын парламенттен кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM