Биз менен байланышыңыз

Телеканалдарды менчиктештирүүдө тобокелчиликтер көп

Күн чабыт | 31 Янв 2019 | 116 | 0

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын байкоочу кеңешине Атыргүл Сарыбаева мүчө болуп кошулду. Жогорку Кеңеш КТРКнын байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлоого 5 саат убара болду. Түшкө чейин жүргөн добуш берүүдө Чынара Капарова 79 упай менен шайланган болчу. Депутаттар рейтингдик добуш берүүдө регламент бузулганын айтып, токтомду жокко чыгарышты. Кийинки жолу добуш бергенде 77 добуш менен Сарыбаева шайланды.

Бул талкууда депутат Алтынбек Сулайманов мамлекеттик телеканалдарды жоюу керектигин айтып чыкты. Ал мамлекеттик каналдарда эркин атаандашуу жок экенин, бөлүнгөн каражаттар акталбай жатканын белгиледи. Сулайманов буга чейин “Маралдын” эфиринде маек берип жатып да ушундай сунушун билдирген. Бүгүнкү күндө мунун ишке ашуусу канчалык мүмкүн? КТРК канчалык деңгээлде коомдук болуп жатат, бул темада медиа эксперт Алмас ТурдумаматовКүн чабыт” программасында маек курду.

Марал: Сиздин оюңузда бүгүнкү күндө мамлекеттик каналды жеке жакка сатуу реалдуубу?

Алмас Турдумаматов: Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бат эле ишке ашат. Бирок ошого канчалык зарылчылык бар деген маселе туулат. Ал канал менчикке өткөндөн кийин өзүн-өзү багып кете алабы, бул жагында эске алуу керек. Азыркы улуттук каналдарды да жеке ишкерлер менен келишип түзүп, жакшы каржыласа болмок.

Маалымат каражаттары эмне максатта түзүлөт? Коомго таасир этүү же болбосо, бизнес максатында түзүлөт. Учурда бизнес үчүн телеканал ачуу кыйын, себеби ал өзүн-өзү актабайт. Демек коомдук пикирге таасир этүү үчүн телеканалдар ачылып жатат. Бирок жеке менчик телеканалдар деле кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын көздөп, же саясий негизде түзүлүп жатат.

Мамлекеттик каналдын контенти өзүнчө маселе, бирок анын ичиндеги каналдарга (спорт, маданият, баластан ж.б.) жарнама берилбейт, ошондуктан аларды мамлекет каржылайт. Мамлекет бул багыттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүсү зарыл деген ойду кармансак мамлекеттик канал болушу керек.

Экинчи жагынан, коопсуздук маселеси бар. Мисалы, биздеги жеке менчик каналдардын көпчүлүгү чет тилде, расмий тилдеги контентти берет. Биздин эл да ошондой контентке көнүп калган. Ал эми КТРКнын негизги өзү чыгарган продукциясы мамлекеттик тилде. Эгер аны менчикке өткөрсө бул артыкчылык канчалык деңгээлде сакталат деген маселе бар.

Марал: КТРКга жылына 500 млн сомго жакын акча бөлүнөт экен, ал канчалык туура пайдаланылып жатат деп ойлойсуз?

Алмас Турдумаматов: Мен билгенден 500 млн сомдун басымдуу бөлүгү телеканалдын сигналын өлкө боюнча жайылтканга жумшалат. Андан сырткары 700дөй кызматкеринин айлыгына сарпталат. Калгандарын жарнамалык жана башка булактардан табышы керек.

Марал: Дүйнөлүк практикада бардык телеканалдары жеке менчикке өткөрүү кандай болот? Биздин коомдук канал учурда канчалык деңгээлде коомдук болуп жатат?

Алмас Турдумаматов: Дүйнөдө бардык телеканалдар жеке менчикке өтүп, мамлекет бир дагы ЖМКны өзүнө кармабаган өлкөлөр бар. Анын ичинде коом өзү каржылаган да каналдар бар. Ошондуктан биздин коом буга даярбы, даяр болсо да аны каржылоого чамасы жетеби, каржылоонун механизмдери барбы, ушундай суроолор бар.

Мисалы, социалдык пакетке кирген мамлекеттик каналдарды биз бекер көрүп жатканыбыз менен Бишкектеги көпчүлүк тургундар кабелдик телеканалдарды акы төлөп көрүшөт. Мындайча айтканда телеканалдарды акы төлөп көрө турчу доор келген. Эми коомдук каналдар түзүлсө, аны коом каржыласа гана мамлекеттик кандайдыр бир таасирден көз карандысыз болот да. Бирок андай телеканалдын механизмдерин иштеп чыга алабызбы?

Азыр КТРК коомдук телеканал деп аталганы менен, аны мамлекет каржылаган үчүн бийликтин таасири дайыма күч бойдон калууда.

Марал: КТРКнын байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлоо эле бир топ талаш-тартыш менен коштолду, бул жагдай эмнеден кабар берет?

Алмас Турдумаматов: Кечээки талкуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыгынын бир белгиси. Байкоочу кеңеш аркылуу же болбосо, мамлекеттик каналдын маалыматтык саясатына таасир эткенге мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүштү. Анын үстүнө жакында КТРКнын директору алмашат. Ошого карата даярдык да болду окшойт.

Copyright © 2017 Maral FM