Биз менен байланышыңыз

Салянова: Коррупцияны айткандар корголсо, күрөштүн жыйынтыгы болот

Күн чекит | 29 Янв 2019 | 400 | 0

Бүгүн, 29-январда Президент Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууну көздөйт. Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга, жемкорлук фактыларынан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралган.Бул туурасында “Күн чекит” программасында мыйзамдын авторлорунун бири, экс-депутат Аида Салянова менен маектештик.

-Сиздер сунуштаган мыйзамга президент кол койду. Ал мыйзамда эмнелер камтылган жана эмнени шарттайт? Мыйзамдын аткарылышы коррупцияга каршы күрөшүүгө канчалык түрткү берет?

Салянова: -Бул мыйзам коррупцияга каршы күрөшүүгө шарт түзөт. Учурда иштеп жаткан мыйзамдарда да мамлекеттик кызматкер коррупциялык аракеттер тууралуу айтууга милдеттүү. Бирок аларды коргоо боюнча эч кандай мыйзам жок болчу. Мен долбоорду башында мамлекеттик кызматкерлерди коргоо үчүн жазгам. Мен кеткен соң комиссия түзүлүп, мыйзамдын камтуусу кеңейтилип, бардык жарандарды коргой турган болуп өзгөрүптүр. Бул жердеги эки максатты айтайын. Биринчиси, коомдо коррупциялык көрүнүштөргө карата жийиркенүү сезимин калыптандыруу. Экинчиси – коррупциялык аракетти көрүп, аны айткан жарандарды коргоо. Түзүлгөн шарттарга келсек, коррупцияны айткан адам мамлекет тарабынан коргоого алынат. Берилген кабардан майнап чыгып, мамлекет айыпталуучулардан акча өндүрө алса, кабарлаган жаранга да бөлүнүп берилет. Мен жазганда 30 пайызы берилиши керектигин белгилеген элем. Кийин макулдашылып, “укук коргоо органдарына тиешелүү төлөмдөрүнүн 1/3 бөлүгү” деп жазылыптыр. Азыр айрым органдарда түшкөн каражаттын 30 пайызына ээлик кылуу укугу бар. Ошол эсеп менен карасак, кабарлаган жаранга 10 пайызы берилет экен.

Коррупциялык көрүнүшкө күбө болгон жарандардын коопсуздугу да маанилүү. Ал үчүн алар кимге кайрылышы керек болот? Алар менен иш алып барган өзүнчө бир бөлүм ачуу муктаждыгы барбы?

Салянова: -Жарандар кадимкидей эле бардык укук коргоо органдарына кайрылса болот. Коргоо боюнча чечимдерди прокурор, сот, тергөөчүлөр кабыл алат. Кайрылган жаран арызда коопсуздугун сактап берүүсү керектигин өтүнөт. Ошондой кырдаал болсо коопсуздугуна тиешелүү чаралар көрүлөт.

-Кабыл алынып, бирок иштебей калган мыйзамдар да жок эмес. Бул мыйзамдын иштеп кетүүсүнө ишенүүгө болобу?

Салянова: -Коррупция күч алган мамлекетте күрөшүү үчүн эффективдүү механизмдер керек. Кабыл алынган мыйзам мындай талапка жооп берет. Анткени мамлекет дагы алгач өзү кандайдыр бир кадамдарды ташташы керек. Жөн эле сөз катары “күрөшөбүз, жарандар, силер да күрөшкүлө” деп айта бербестен, алардын коопсуздугун камсыздоо керек. Мамлекет ошол ишти жолго салып, коргоого кудурети жеткенден кийин гана коррупция менен толук күрөшөбүз дегенге моралдык акысы болот.

-Бул мыйзам коррупциялык көрүнүштөрдү айтууга шыктандырганы белгилүү. Мунун айынан такталбаган маалыматтарды таратып, бир адамдын же мекеменин аброюна доо кетириши да мүмкүн. Бул жагында кандай иш жүрүшү керек?

Салянова: -Ошондой болбосун деп мыйзамда “арызда айтылган маалыматтар такталгандан кийин” деп турат. Маалымат такталгандан кийин гана коопсуздук маселеси жана төлөмдөр карала баштайт.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM