Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: 12-февралдан тарта көзөмөл камералары иштейт

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 733 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда айтылгандай, Бишкектеги Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 чакырым, 10 чакырым чекте, Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.

2019-жылдын 8-январынан тарта Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн жабдуулар алып келинди. Ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу иши башталды.

Учурда долбоордун кийинки фазаларына уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө.

2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасынын бардык тилкелерин тесттик режимде иштетүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн. Бишкектеги 38 кесилишке фото- жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик аппараттары орнотулат. Анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик жана 20 көчмө чектик аппараттарын орнотуу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM