Биз менен байланышыңыз

Баткенде гемодиализ борбору ачылды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 698 | 0

Баткен шаарында жеке ишкерлердин жана медицина тармагында иш алып барган түрк компаниясынын биргелешкен демилгеси менен кыргыз-түрк «Саламат Баткен» аталышында оорукана ачылды. Эми облус аймагындагы бейтаптар Бишкек, Ош шаарына барып убара тартпайт.

Ооруканага Түркия мамлекетинен гемодиализ аппараттары алып келинип, бейтаптардын дарылануусу үчүн бардык шарттар тузүлгөн. Оорукананын башкы дарыгери Самарбек Иматиллаевдин айтымында, учурда ооруканада 5 гемодиализ аппараты иштеп жатат.

Бейтапканага облус аймагынан 56 бейтап каттоого алынган. Күн сайын 15 оорулууну кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Гемодиализге муктаж болгон бейтаптар бир жолкусуна 5500 сом төлөшөт. Эгер бейтап Милдеттүү медициналык фонду тарабынан камсыздандырылган болсо анда ала 550 сом гана төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM