Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилин жеңил үйрөтүүчү тиркемелер иштелип чыкты

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 504 | 0

Бүгүн Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан иштелип чыккан бир катар долбоорлор тааныштырылды.

Мектеп курагына чейинки жана башталгыч класстагы балдар үчүн “Бал тил 1” жана “Бал тил 2” аталыштарындагы мобилдик тиркемелер иштелип чыккан. Анда сүрөттөр, анимациялар, аудиолор жана логикалык оюндар камтылган.

Ошондой эле, “Кыргызтест” системасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тестке даядануусу үчүн жана кыргыз тилин жеңил үйрөнүүсүнө шарт түзүү максатында “Тилтест” веб-порталы иштелип чыкты.

Ал эми мобилдик колдонмосу Android жана iOS платформаларына жакын арада жайгаштырылат.

Кыргыз тилин толугу менен түшүнгөн жана кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллектини жаратуунун алгачкы баскычы катары текстти үнгө айландыруучу программалык аппарат да иштелип чыкты.

Бул Кыргызстандын тарыхында алгачкы жасалма интеллект принцибинде иштеген программалык аппарат. Кыргыз тилиндеги санариптик тексттерди табыгий үнгө айландырып, башкача айтканда, берилген кыргыз тилиндеги текстти табыгий үн менен окуп, колдонуучуларга текстти оңой жана кыска убакыттын аралыгында түшүнүүсүнө жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM