Биз менен байланышыңыз

Коррупция тууралуу билдиргендерди коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 861 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга жана бул адамдарды коргоо үчүн укуктук, уюштуруучулук негиздерин белгилеп, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга, жемкорлук фактыларынан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM