Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын төрагасы: Матраимов тажрыйбалуу жетекчи

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1369 | 1

Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков аталган кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу суроолорго жооп берди. Анын айтымында, эгер сот Матраимовдун пайдасына чечим чыгарса, анда ал кызматына кайра келет.

«Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматында белгилүү бир убакыт иштеди. Ал тажрыйбалуу жетекчи. Бишкек шаардык сотундагы процессти утуп алган. Эгер сот чечим чыгарса биз аны аткарабыз. Эгер өкмөт апелляция берсе биз чечимди да кабыл алабыз«, — деди Оңолбеков.

Эске салсак, «Раим миллион» каймана аты менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов 2018-жылдын 26-апрелинде Биринчи май райондук сотуна өзүн негизсиз кызматтан алганы үчүн өкмөт менен Бажы кызматынын үстүнөн арыз жазган. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырып, кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Бирок бул чечимге нааразы болгон өкмөт аппеляциялык арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту да Матраимовдун пайдасына чечим чыгарган.

1 пикир

1 пикир

  1. Эмильбее

    29.01.2019 17:26

    БИЙЛИК ЭЛДИ КЕЛЕСОО ОЙЛОП ЖАТАТ…
    БААРЫНА БЕЛГИЛУУ ДА РАИМДИН КИМ ЭКЕНДИГИ.КОРРУПЦИЯНЫН ТУУ ЧОКУСУНА ЖЕТКЕНДИГИНИН БЕЛГИСИ. ПРЕЗИДЕНТ ОЗУ КОЛДОП ЖАТКАНДАЙ???…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM