Биз менен байланышыңыз

Мискенбаев эмне үчүн суракка чакырылганы айтылды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1073 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдагы башчысы Мээрбек Мискенбаев эмнеге сурак бергенин ачыктады. Мекеменин маалыматында, аталган уюмдун мурунку жетекчилиги социалдык жардам катары берилген каражатты өзүнө чегерип алгандыгы үчүн айыпталууда.

Чогултулган материалдарга ылайык, бул уюмдун башчысы менен анын орун басары жеке компаниядан кайтарымсыз түрдө 2 млн сомдон ашык каражатка көмүр алып, уюмдун мүчөлөрүнө бөлүштүрбөй акча каражатын өздөрүнө кымырып алышкан.

Ошондой эле уюмдун мурунку жетекчичилиги башка дагы социалдык жардамды өзүнө ыйгарып алып турушканы аныкталган. Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM