Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталдын дарыгерлери митингге чыгышты

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 672 | 0

Бүгүн, 28-январда Улуттук госпиталдын дарыгерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу жактоочу Баткыбек Жумашев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургиясы бөлүмүндөгү мыйзам бузууларга каршы болушууда. Бул бөлүмдү көп жыл башкарган Салтанат Иманбаевага карата көптөгөн нааразылыктар айтылганы менен чара көрүлбөй келгенин жүйө келтиришип, анын кызматтан алуу керектигин айтышты. Митингге чыккан дарыгерлердин талаптарын депутат Дастан Бекешев укту.

Эске салсак, Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургиясы бөлүмүндөгү чыр 2018- жылы январь айында башталган. Дарыгерлер бул бөлүмдүн жетекчиси грант аркылуу келген жабдууларды өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап жатканын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM