Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталдын дарыгерлери митингге чыгышат

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1133 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 28-январда Улуттук госпиталдын дарыгерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышат. Бул тууралуу жактоочу Баткыбек Жумашев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, митинг күндүзгү саат 14.30га белгиленген. Дарыгерлер Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургиясы бөлүмүндөгү мыйзам бузууларга каршы болушууда.

Алар бул бөлүмдү көп жыл башкарган Салтанат Иманбаевага карата көптөгөн нааразылыктар айтылганы менен чара көрүлбөй келгенин жүйө келтиришти.

Эске салсак, Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургиясы бөлүмүндөгү чыр 2018- жылы январь айында башталган. Дарыгерлер бул бөлүмдүн жетекчиси грант аркылуу келген жабдууларды өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап жатканын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM