Биз менен байланышыңыз

Третьяков музейинен баалуу сүрөт уурдалды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 597 | 0

Третьяков атындагы Москва мамлекеттик галереясынан XIX кылымдын атактуу сүрөтчүсү Архип Куюмжунун (Куинжи) «Ай Петри. Крым» аттуу сүрөтү уурдалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

150 жылдык тарыхы бар сүрөттү рамасынан чыгарып жашырып кетишкен. Азырынча сүрөт табыла элек. Коопсуздук кызматы аны табуу үчүн кечээ музейге келгендердин ар бирин текшерүүгө алышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда уурулар Мерседес үлгүсүндөгү унаага түшүп качышкан. Белгисиз жарандардын галереянын бир бөлмөсүндө дубалдагы сүрөттү рамасынан чыгарып жатканы видео көзөмөлгө түшүп калган.

Эске салсак, Архип Куюмжу 1842-жылы азыркы Донецк облусундагы Карасу айылында төрөлгөн. Эрте жашта ата-энесинен ажырап, туугандарынын колунда ар түрдүу жалданма жумуштарды жасап өскөн. Бала чагынан сүрөткө болгон жөндөмүн аны жалдап иштеткен адам байкап, Крымга окууга жөнөткөн. Бир нече ирет ийгиликсиз аракеттеринен кийин Көркөм сүрөт академиясына кирген. Анын сүрөттөрү дүйнөлүк атак-даңк алып келип, учурда ар кайсы музейлерде сакталып турат. Архип Куюмжу көбүнчө пейзажга басым жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM