Биз менен байланышыңыз

Таластагы 37 айыл өкмөтүнүн 33ү дотацияда турат

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 519 | 0

Талас облусундагы 37 айыл өкмөтүнүн 33ү дотацияда турат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында маалым болду.

Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышкан. Ал дотациянын деңгээлин азайтууну, аймакка инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгиледи.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 557 млрд сомду түзүп, экономиканын чыныгы өсүүсү 3,5% болгон. Ошону менен бирге «Түндүк» электрондук тутуму киргизилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы толук кандуу иштеп баштады. Аймактарда дотация деңгээли да кыскартылууга тийиш» – деди вице-премьер министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM