Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан Кыргызстанга 3,5 млн доллар алып өтүү фактысы аныкталды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 666 | 0

Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук боюнча кызматы 3,5 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты Кыргызстанга алып чыгуу аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу «Узбекистан-24» телеканалы маалымдайт.

Фергана облусундагы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Нексия» унаасы колго түшкөн. Анда 23 таңгакка оролгон 736 миң доллар акча табылган. Аны унаадагы жүргүнчү Кокон шаарынан Кыргызстанга алып өтүшү керек болгон. Айдоочу акчасы менен жүргүнчүнү өткөрүү үчүн 50 доллар акы алган. Бирок аны текшерүү учурунда дагы 24 таңгак акча табылды. Жалпы суммасы 1,7 млн долларды түзгөн.

Буга кошумча дагы бир аткезчилик фактысынын бети ачылган. Фергана районунда жашаган кыргызстандык жарандын унаасын текшерүүдө 1,7 млн доллар табылган. Бул акча каражатын Ташкенттен Ферганага курьер жеткирген. Ал жерден  Кыргызстанга алып келип турушкан.

Жалпысынан 3,5 млн доллар табалды. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, акча каражатынын ээси аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM