Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1642 | 0

Мурунку Транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

27-январда Сокулук районунда кечки саат 18.00 чамасында Белогорка капчыгайында «Тойота Лэнд Крузер» унаасы жардан кулаган. Унаада 4 адам болгон. Айдоочу жеринде каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилген, арасында мурунку министр Аргынбек Малабаев болгон. Ал жандандыруу бөлүмүндө экендиги кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM