Түркиянын Анталия шаарындагы аэропорто куюн жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобусту оодарып жиберди. Бул тууралуу Daily Sabah гезити жазып чыкты.
Ага ылайык, куюн дагы башка автобус менен автоунааны дагы оодарган. Кырсыктан 12 адам жарат алган.
Белгилей кетсек, Анталияда акыркы төрт күндө 5 жолу ири куюн болуп өттү. Түрк бийлиги катуу шамал артта калганнын айтууда.