Биз менен байланышыңыз

Facebook, Whatsapp жана Instagram бирдиктүү системага өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 532 | 0

Facebookтун башчысы Марк Цукерберг Facebook, Whatsapp жана Instagram мессенжерлерин бир экосистемага чогултууну пландоодо.

Бул туурасында The New York Times гезити жазды. Маалыматка ылайык ар бир сервис өз алдынча иштей берет, бирок башка сервистин колдонуучулары менен мессенжерди которбой баарлаша алат.
Мисалы, Facebookтун колдонуучусу Whatsappта гана аккаунту бар досуна билдирүү жөнөтө алат.

Бүгүнкү күндө бирдиктүү ядро жок болгондуктан бул мүмкүн эмес. Компания айтылган маалыматты тактап, бул ой качан ишке ашарын билдирген эмес.

Кошумчалай кетсек Facebook компаниясына тиешелүү болгон сервистер колдонуучулар арасында эң папулярдуу болуп эсептеле. Өзүнүн мессенжерлерин бирдиктүү экосистемага киргизүү менен компаниянын Apple, Google жана Telegram менен атаандаштыгын жогорулатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM