Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Кара-Бактагы талаш жер такталбаган аймакка кирет

Күн чекит | 25 Янв 2019 | 790 | 0

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы мүрзөгө салынган бастырманын айынан кыргыз-тажик элинин ортосунда пикир келишпестик кайрадан орун алды. Анткени Тажикстандын Исфана району менен чектеш 15 гектар жерде Кара-Бак элинин мүрзөсү болгон. Кыргыздар ал жерди 1918-жылдан бери бейит катары пайдаланып келишет. Бирок мүрзөдөгү бастырманы бузуу талабы менен тажиктер кечээ 23-январда чыгышкан. Чек арада чыккан чырдын негизги себептерин жана аны чечүү жолдору тууралуу Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Марал: -Таалай мырза, чыр-чатактын негизги себептерин айтып берсеңиз. Эки элдин нааразычылыгына эмне себеп болуп жатат?

Ибраимов: -Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кечээги окуя боюнча ар тараптуу маалымат кетип жатат. Чек ара маселеси акырына чейин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы аныктап бермейинче бул абдан татаал процесс. Ошондуктан кандайдыр бир чечимди чыгарууга же маалыматты таратууда этият болууга чакырат элем. Анткени интернетте тарап жаткан маалымат боюнча тажик тараптын дагы тескери көз караштары калыптанууда. Кечээ чыны менен эки тараптуу нааразычылык болгон. Лаккан участкасынын биздин Кара-Бак айыл өкмөтү менен чектешкен аймагы бар. Ал жер Коргочу деп аталат. Мына ошол аймакка ата-бабаларыбыздын сөөгү коюлуп кыргыз тарап колдонуп келгенбиз.

Марал: -Бул жер алмашуу жолу менен Кыргызстан тарапка өткөнүн жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин документи алынган эмес? Же бул жалган маалыматпы?

Ибраимов: -Ооба, бул маселе болгону ырас. Бирок канчанчы жылдары болгону жөнүндө бизде так маалымат жок. Бул боюнча түзүлгөн комиссия атайын изилдөө жүргүзүп көрөбүз. Жергиликтүү элдин айтымында совет мезгилинде деп жатышат. Анткен менен мен айтып коюшум керек, бул аймакта делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук бүтө элек. Аны туура түшүнүшүбүз керек. Качан гана чек ара зымдары тартылып бүткөндөн кийин конкреттүү түрдө чечилди деп айта алабыз. Бирок ага чейин биздин колдонууда турган жер деп гана айтылат.

Марал: -Азыр эки тараптуу сүйлөшүү болгону кабарланды. Маселе кандай чечилмей болду?

Ибраимов: -Туура айтасыз, маселени чечүү үчүн эки тараптуу жолугушуу болду. Өзүм дагы бардым. Тажикстандын Исфара шаарынын төрага орун басары менен сүйлөштүм. Аким өзү дагы бул бастырма курулуш болуп эсептелинбей турганын айткан. Бул жеңил конструкция деп айтылат. Ошондуктан бул жерде эч кандай нааразычылык болбошу керек.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM