Биз менен байланышыңыз

Бекманбетов: Цирктин жамааты менен тил табышабыз

Күн чабыт | 24 Янв 2019 | 1105 | 0

Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Аны жамаатка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин цирктин жамааты Аида Акматованын талапкерлигин сунуштап келишкен. Алар 23-январда өздөрү көрсөткөн талапкердин шайланышын талап кылып, иш таштоого барышарын айтышкан. Ага чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Мына ушундай кырдаалда жаңы директор ишти кантип жөндөп кетет, жамаат менен ымалага келе алабы? Бул суроолор боюнча мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов маек курду.

Марал: Эң алгач Мамлекеттик цирктин директорлугуна дайындалышыңыз менен куттуктайм. Азыркы учурда цирктин жамаатынын көпчүлүгү өздөрүнүн талапкерлигин дайындоону талап кылышып, ал бир топ ызы-чуу менен коштолду. Ушундай психологиялык басым болуп, оор учур болуп турганда сиз мунун көтөрүп кете аласызбы?

Фархад Бекманбетов: Буюрса, буга чейин да 20 жыл ичинде чыгармачыл чөйрөдө иштеп келдим. Цирк өнөрпоздорунун көпчүлүгү менен тааныштыгым бар, алардын жан дүйнөсүнө да жакынмын десем жаңылышпайм.

Чынында цирктин жамаатынын көпчүлүк бөлүгү иштен кетүү боюнча арыздарын жазып кетишкенин социалдык тармактардан окудум. Бирок мен азырынча алардын арыздарын көрө элекмин. Ошентсе да учурда цирк труппаларынын жетекчилерин чакырып, отуруп сүйлөшөлү деп жатам. Буюрса бул чечиле турчу маселе. Жыйналыш өткөргөндөн кийин маалым болот. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып эле иштейбиз.

Марал: Жамаат менен ымалаңыз кандай уланышы мүмкүн?

Фархад Бекманбетов: Бүгүн Маданият министри мени жамаатка тааныштырды. Мен калган жамааттар менен экономист, эсепчи баары менен таанышып, иш орундарын карап чыктым. Ал эми өздөрүнүн нааразылыктарын билдирип жаткан чыгармачылык топтун кээ бири бүгүн жумушта жок экен, жолуга алган жокмун. Бирок балким эмоцияга алдырып арыз жазган чыгар. Ошондуктан эртең алар менен, ар бири менен бирден отуруп сүйлөшүп, ой-пикирлерин, талаптарын угуп көрөм.

Марал: Цирктеги көйгөйлөр көп жылдан бери бар, чечилбей турган маселе көп, сиздин бул тармакты өнүктүрүүгө кандай программа же планыңыз бар?

Фархад Бекманбетов: Циркте иштеген жамаат менен чогуу атайын программа же концепциянын негизинде иш алып барабыз. Чыгармачыл топ жана цирктеги башка көйгөйлөрдү бирдей алып кетүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Марал: Маданият министри Азамат Жаманкулов буга чейин цирктин жетекчилигине цирк өнөрүн жакшы билбесе да менежер башкаруучу керек деп айткан. Сиздин менежерлик тажрыйбаңыз жетишеби?

Фархад Бекманбетов: Бул тармакты жакшы түшүнгөн адаммын. Бирок ошентсе да кооптонуу болбойт койбойт экен. Ишенимдүү түрдө эртең эле баарын өзгөртүп салам деп айтпайм, бирок менежерлик боюнча да татыктуу иш алып барууга аракет жасайм.

Copyright © 2017 Maral FM