Биз менен байланышыңыз

Депутат: Арзан турак жай программасы жыйынтык бербей жатат

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 602 | 0

Өлкөдө арзан турак жай программасы жакшы жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов  билдирди.

Анын айтымында, өкмөт мындан төрт жыл мурун арзан турак жай программасын кабыл алган. Тилекке каршы, жыйынтык жакшы эмес. Бул программанын негизинде дарыгерлер, маданият кызматкерлери, мугалимдер арзан турак жай менен камсыз болот деп ойлогонбуз, бирок андай болбой жатат.

-2017-жылы 1 732 жаран турак жай менен камсыз болуптур. 2018-жылы 1 362 жаран үй менен камсыз болду деп жатат. Бул статистика менен карасак, Кыргыстанда жарандар арзан турак жай менен камсыз болуп, ошон үчүн саны азайып жатат дегенди билдирет. Мага көптөгөн каттар түшүп жатат. Программа көптөргө түшүнүксүз болуп жатыптыр. Өкмөт ипотека компаниясы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Шарттарын жеңилдетүү зарыл. Ушул маселени өкмөт тез арада карап чыгуусу шарт. 

Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыянын пайыздык үстөктөрүн ылдыйлатуу менен гана калбастан, турак-жайлардын баасын арзандатуу чараларын иштеп чыгууну тапшырган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM