Биз менен байланышыңыз

Элди түйшүккө салган Ак-Шыйрак, Бедел жолу

Коом | 22 Янв 2019 | 635 | 0

Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак айыл аймагын тургундары жана чек арачылар кышкысын жолдо убара тартышат. Ал эми жайкысын көпүрөдөн өтө албай, сууга белчесинен батышат.

— Эл сырттан ар кандай шартта жакага түшүп калышы мүмкүн. Ошондо жол жабылып калган күндөр болот. Кээде карды кол менен күрөк менен тазалап 3 күндөп түнөп, көлгө жетишибиз мүмкүн. Жайкысын Кара-Сай суусунун көпүрөсү маселе жаратат. Ушул көйгөйлөрдү чечип беришсе жакшы болмок.

Мындай пикирди жергиликтүү тургун Бакыт Мукашев билдирсе, башка жашоочулар да кошумчалайт. Анткени Кытайга чектеш Ак-Шыйрак айыл аймагынына жана 6 чек ара бекетине кете турган мамлекеттик маанидеги жолдор кышкысын кар күрткүсүнө толсо, жайкысын узундугу 126 метрди түзгөн жалгыз көпүрөдөн өтө албай, суу кечүүгө аргасыз.

Бизде эӊ негизги чоӊ маселебиз жол менен көпүрө. Биздин түйшүктү бул жакка келип кеткен киши гана түшүнүп биле алат.

-Жол азабы көр азабы дегендей аман-эсен келип кеткенде кадимкидей баарыбыз кубанабыз. Мисалы, көлдөн бул жакка каттагандар болсо алардын унаасынын тумшугу дөӊдөн көрүнгөндө гана эс алабыз. Ал эми бул жерден көлгө жетиш учакка отуруп конгондой эле элес калтырат.

-Союз мезгилинен бери чириген көпүрөнү пайдаланып келебиз. Кара-Сайга 1950-жылы курулган көпүрө ошол бойдон турат. Аткаминер, чоӊдор келгенде көп жолу маселе көтөрдүк, азыр кайрылган менен пайда жок.

Тагыраак айтканда, көл жээктен сырт өрөөнүн көздөй жол каттамы 280 чакырымды түзсө, Кара-Сай тозотуна чейинки аралыкты №3 жол тейлөө башкармалыгы тазалап келет. Ал эми андан аркы Ыштык, Бедел тоолоруна кете турган 35 чакырым чек арачыларга жүктөлгөндүктөн алар жолду күндө тазалоого физикалык жактан жетишпейт. Андыктан бул маселени толугу менен жолчуларга өткөрүп, техниканы көбөйтүп берсе түйшүктөн арыла тургандарын «Кыргоо» асыл тукум топоз өстүрүү чарбасынын башчысы Жолдошбек Калчаев кайрылуу жасады.

-Бедел тоосуна чейин 35 чакырым. Алар жол тейлөө башкармалыгына карабайт, чек арачыларга тиешелүү. Мамлекеттик кызматкерлер чек араны бекемдейби же жол тазалайбы?! Айрым учурда биз кайрылган убакта эле жол тейлөөчүлөр бир күнгө келип, карды тазалап кеткени болбосо, бир күндө, бир түндө эле кайра кар үйлөп салат. Ошону менен малчылар кыр-кырда кар күрөп азап тартууда. Менин оюм, бул жолду жолчуларга өткөрүп берсе такай көзөмөлгө алынмак.

 Бул сыяктуу кайрылуудан кийин облус жетекчилиги биринчи кезекте Кара-Сай суусунун боюндагы 69 жыл мурда курулган көпүрө оӊдоло турганын убадалады. Анткени бул көйгөй 2017-2018-жылдан бери колго алынары айтылганы менен каражаттын тартыштыгынан токтоп турган. Эми бул жылы Ысык-Көлдү Ѳнүктүрүү фондусунан 15 миллион сом каржыланып, Транспорт жана жолдор министрлиги менен макулдашуу болорун өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев айтты.

-Кара-Сай суусунун боюндагы көпүрөнүн абалы менен жакындан көрүп күбө болдук. Бүнкү күнгө чейин жаӊы көпүрө курууга 32 миллион сомдук долбоор иштелип чыгыптыр. Бирок өткөн жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу тарабынан бөлүп, калган 17 миллион сом Транспорт жана жолдор министрлигинин титулдук тизмесине киргизилген. Бирок министрлик былтыр бул маселени чечип бербегендиктен, тендер уюшулган эмес. Быйыл бул маселенин үстүнөн иштейбиз.

Айта кетсек, деӊиз деӊгээлинен 3028 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак өрөөнүнүн эли үчүн жол каттамы боюнча маселе кийинкиге калтырылат. Ал үчүн, Транспорт жана жолдор министрлиги менен сүйлөшүү жүрүп тазалоо иштерине толук кандуу чечим чыгарылмакы.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM