Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү: Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 601 | 0

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү корунучу бар.

Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда да кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM